Балдар пособиесиз калабы? (видео)

1113

«Жөлөк пулдар» тууралуу мыйзам эми 2018-жылдын апрель айында кайрадан парламенттин сынына коюлат. Көп талаш-тартышты жараткан документ бүгүн Жогорку Кеңеште каралып, талкуу кызуу болду. Айрым депутаттар эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин отставкасын талап кылганга чейин барышты. Ал эми министр айым бул документти демилгеген да, кабыл алган да депутаттар өздөрү экенин эскертти. Быйыл жайында парламентте “Жөлөк пул” тууралуу мыйзам кабыл алынып, аны менен аз камсыз болгон балдардын абалын жакшыртуу каралган. Бирок учурунда эсептөөлөр так жүргүзүлбөгөндүктөн, колунда жок үй-бүлөдөгү 30 миң бала жөлөк пулсуз калганы турат.