Балдар үйлөрүндө бут кийим тартыш (видео)

1013

Балдар үйүнүн тарбиялануучуларына кышкы бут кийим алууга каражат табылбай жатат. Бул тууралуу “Жетим балдардын укуктарын коргоо” коомдук фондунун жетекчиси Игорь Беляев билдирди. Мамлекет тарабынан жыл сайын жетим балдарга бут кийим алууга болгону 80 миң сом бөлүнөт. Бул суммага 500-600 сомдун тегерегинде сапаты өтө начар батинке сатып алуу гана мүмкүн.

Учурда Кыргызстан боюнча 143 балдар үйү бар. Мамлекет тарабынан ар бир балага айына 15 миң сомдон бөлүнүп турат. Бул сумманын ичине тамак-аш, дары-дармек, кийим-кечек камтылган. Ошентсе дагы балдар үйлөрүнүн көпчүлүгү демөөрчүлөрдүн жардамына муктаж.