Балдар үйүнүн тарбиялануучуларын колдоо үчүн акция (видео)

1546

«Бир кыштан берсек — үй курулат». 20 күндөн бери интернетте дал ушундай аталыштагы акция жүрүп жатат. Анда каалоочулар балдар үйүнүн тарбиялануучулары колго жасаган буюмдарын сатып алышса болот. Муну менен алар социалдык турак-жайдын курулушуна салым кошушат.

Ар кандай турмуштук кырдаалдан улам багар-корору жок калган балдар батирдин ижарасын төлөө оор болуп жатканын айтышып, ашар жолу менен өздөрүнө үй салууну максат кылышкан. Тиешелүү жер тилкеси да даяр экен. Учурда күнү-түнү кол өнөрчүлүк менен алпурушкан балдар турак-жайдын пайдубалын тургузуу үчүн каражат топтоп жатышыптыр.