Балдарды абайлагыла! Өрт 4 жашар кыздын өмүрүн алды (видео)

3721

Бишкекте кийим тигүүчү цехтен чыккан өрттөн 4 жашар кыздын каза болушу боюнча кылмыш иши козголду. Аталган факты Ленин райондук милициясында каттоого алынып, өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын алкагында мындан аркы тергөө амалдары жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Бөбөктүн өмүрүн алган өрт кырсыгынын келип чыгышына электр зымдарынын тийишүүсү себеп болду деген божомолдор бар. Мындай каргашалуу окуялар кайталанбашы үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үйлөрдү кыдырып, электр жылыткычтарды туура колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.