Балдарды эмгекке мажбурлаган ата-энелер жоопко тартылабы? (видео)

784

Кыргызстанда жыл башынан бери ар кандай жумуштарга тартылган 37 бала катталган. Бирок бул көрсөткүч балдардын укугун бузуудагы чыныгы абалды чагылдырбайт, дешет өкмөт мүчөлөрү. Себеби баардык фактыларды аныктап, чара көрүүгө тиешелүү органдарын күчү жетишсиз болуп жатыптыр. Бул фактылар балдарды эмгекке мажбурлого каршы уюштурулган тегерек столдо айтылды. Бүгүн Балдардын эмгегин пайдаланууга каршы күрөштүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул дата 2002-жылы Эл аралык уюмдар тарабынан балдар көйгөйүнө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу максатында кабыл алынган. Андан бери балдардын укугун коргоого багытталган бир катар конвенциялар кабыл алынды. Андагы эрежелерди Кыргызстандын шартында толук ишке ашырууга мүмкүн болбой келет. Жашы жете элек балдар базарда араба түртүп, алкоголдук ичимдик саткан жайларда иштөөгө аргасыз.