Балдарды реабилитациялоо борборунун экс-жетекчиси камалды (видео)

613

Бишкек мэриясынын алдындагы балдарды реабилитациялоо борборунун экс-жетекчиси Алексей Петрушевскийге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып камакка алынды. УКМК берген маалымат боюнча, ал атайын кызматка күбө катары чакырылган. 4,5 сааттан кийин тергөөчү мурдагы директорду кармоо тууралуу протокол толтурган.

Петрушевский борбордун жетекчиси болуп турганда тарбиялануучунун макулдугу жок эле туугандарына өткөрүп берүүгө аракет жасаган деп шектелип жатат. Бирок Алексей Петрушевскийдин адвокаты аны кармоо муниципалитеттин басымынан улам ишке ашканын айтууда.