Балдардын басылмасы «Ай-Данек» гезитине 20 жыл толду

1677

Буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков куттуктоо жолдоп, гезитти кызыктуу кылып чыгарып, балдарга майрам тартуулаган редакция жамаатына ыраазычылык билдирди.

“Ай-Данек” бөбөктөргө таалим-тарбия берген жана чыгармачылыгын өстүргөн басылма катары өз милдетин татыктуу өтөп, мектеп окуучуларынын жүрөгүнүн жылуу түнөк тапты, деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Бүгүн Бишкекте бул гезиттин 20 жылдыгына карата майрамдык салтанат болуп өттү. Анда 5 миңге жакын балага акысыз концерт уюштурулуп, ар кандай оюн-зооктор менен коштолду. Иш-чаранын алкагында жергиликтүү ишкерлердин колдоосу менен кайрымдуулук жарменкеси дагы болду.