Балдардын биринчи хосписине жардам көрсөтүлдү (видео)

852

Бишкекте “Балдардын биринчи хосписине” жардам берүү максатында кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү. Анда эмгектеринин өзгөчөлүгү менен айырмаланган 20дан ашуун сүрөтчү, кулинар жана дизайнерлердин эмектери коюлду. Кол өнөрчүлөр оор илдетке кабылган балдарга колдоо көрсөтүү максатында саткан товарларынан түшкөн каражатты хоспистин эсебине которуп беришти. Ошондой эле, жарманкенин дагы бир активдүү катышуучулары бул башкалардын тагдырына кайдыгер карабаган шаар тургундары болушту. Акция бир саатка дейре созулуп, жыйынтыгында 39 миң чогулду.