Балдардын китебине каралган акча кимдин чөнтөгүнө кетти? (видео)

667

Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдарына карата бир суткада эле 2 кылмыш иши козголду. Анын бири — окуу куралдарын басып чыгарууда каражаттардын майнапсыз чыгымдалганы боюнча болсо, экинчиси — мектептерге коюла турган телевизорлорго байланыштуу. Башта 1 телевизордун баасы — 30 миң сомдон ашканы белгиленген. Бирок иликтей келгенде, ал буюмдар 19 миң сомдон сатылып алынганы аныкталган.

Буга байланыштуу билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги «кызматынан кыянаттык менен пайдаланган» жана «тендерди өткөрүүнүн тартибин бузган» деп айыпталууда. Тендерлерден каражат өөнөгөн аткаминерлер кимдер?