Балдардын сүтүнөн акча аяган депутаттар (видео)

577

Ош шаардык кеңешинин депутаттары ВИЧ илдетине кабылган балдарга сүт алуу үчүн бөлүнгөн акчаны эмнеге кыскартканы жатышат? Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин өкүлдөрү жергиликтүү депутаттар оор илдетке кабылган балдардын сүтүнө бөлүнгөн акчаны спорттук аянтча курууга жумшаганы жатышканын айтып чыгышкан. Бул жаңылык жергиликтүү активисттерди нааразы кылган.

Дарыгерлердин айтымында, ВИЧ илдети менен жашаган бейтаптарга жогорку калориялуу тамак-аш зарыл. Белгилей кетсек, бул оорууга кабылган балдардын көпчүлүгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн. Түштүк борбордун депутаттары балдардын сүтүнөн акча аяштыбы? Бул боюнча эл өкүлдөрү өздөрү түшүндүрмө беришти.