Балдардын урушу боюнча №66 мектепте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

1145

Бишкектеги №66 мектепте балдардын урушу боюнча Ички иштер бөлүмү түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Кечээ интернетте бир бала, үч окуучуга карата күч колдонуп жатканы тартылган тасма тараган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, опузалоо, коркутуу болгон эмес. 7 менен 8-класстын балдарынын ортосунда өз ара пикир келишпестиктер болгону айтылууда.

Тасма коомчулукка тарагандан кийин, тартип сакчылары балдарды жана ата-энелерин чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, урушкан тараптарды элдештирген.

Эскерте кетсек, өткөн аптада Бишкектеги №47 мектепте 9-класттын балдары 8-класстын окуучусун катуу сабап, ал ооруканага жаткырылган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.