Балдарга тогуз коргоол үйрөтүп, кыргызча ырдаткан лөлү (видео)

988

Өз элинин балдарына тогуз коргоол үйрөтүп, аларды кыргызча ырдаткан лөлү улутундагы мугалим. Ош областынын жалаң ушул элдин өкүлдөрү жашаган Жаңы-Кыштак айылындагы Мирзо Турсунзаада атындагы мектепте эмгектенген Төлөн Кадыров өз улутунан чыккан биринчи мугалим. Ал кыргыз тилинде башталгыч класстарга сабак берет. Билим берүү тармагына 30 жылдык өмүрүн арнаган мугалим өз айылындагы балдарды жогорку билимдүү болууга үндөп келет. Сабактан тышкары окуучуларды маданиятка, спортко кызыктыруу үчүн тарбиялык иштерди көп өткөрүп турат. Максатым лөлү элинин жаштарын мекенин сүйүүгө, билимге умтулууга үйрөтүү, дейт ал.