Балдарга зомбулук көрсөткөндөр жазадан кутулуп кетүүдө (видео)

751

Кыргызстанда адам укуктары күнүнө арналган жумалык өтүп жатат. Мындан 70 жыл мурда Бүткүл дүйнөлүк адам укуктарынын декларациясы кабыл алынган. Буга байланыштуу Акыйкатчы институту атайын иш-чара өткөрүп, анда тармактагы көйгөйлөрдү белгиледи. Биздин өлкөдө балдар укугунун корголушу актуалдуу көйгөйлөрдүн бири. Өз жакындарынан кордук көргөн бөбөктөрдүн укугун коргоо маселеси курч турат. Өзгөчө жабык жайларда, балдар колонияларында абал жакшы эмес экени айтылды. Бул багытта Акыйкатчы институту мыйзамдарды катаалдатып жаткан белгилүү болду.