Балдары майып ата-энелерди түйшөлткөн жагдайлар (видео)

650

“Бала ар дайым кароого жана багууга муктаж” деген мамлекеттик комиссиянын корутундусун алуу кыйынчылыктарды жаратууда. Бул тууралуу майып балдарын бакканы үчүн айлык-акы алууга документтерин тапшырып жаткан бир топ ата-энелер айтып чыгышты. Алар айрым учурларда балдарын медициналык-социалдык экспертизадан кайрадан өткөрүүгө мажбур. Бул маалымдама кагазы камкордукка муктаж балдарды так аныктоо үчүн керек болот, дешет социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү.

Эгер бул документ болсо жеке ассистентке маяна сөзсүз төлөнүп берилет дешет. Белгилей кетсек, майып баласын баккан “Жеке ассистентке” ай сайын 4900 сом чегерилет. Учурда маяна алуу үчүн мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган 2,5 миңден ашуун киши кайрылган.