Балдарын мектепке киргизе албай жүргөн ата-энелер (видео)

1604

Бала бакчага, мектепке баргандар жана жогорку окуу жайда билим алган студенттер өзүн жаман сезсе үйдө калышы керек. Мындай эскертүү Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилүүдө. 2 күндөн кийин 15-сентябрда окуу салттуу түрдө башталат.

Бирок бүгүнкүгө чейин балдарын мектепке киргизе албай жүргөн ата-энелер бар. Алардын айтымында, электрондук кезекке турганына карабастан, айрым орто окуу жайлардын жетекчилери орун жок деген негизде кабыл алуудан баш тартышкан. Салттуу билим берүүгө орто окуу жайлардын даярдыгы кандай?