Балыкчы-Ананьево-Каракол жолундагы жол кырсыгында үч адам каза тапты

815

Бүгүн эртең менен саат жетилерде Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда авария болуп, үч адам каза тапты. Маалыматтарга караганда, BMW үлгүсүндөгү машина жолдон чыгып кетип, даракты сүзгөн. Ичиндегилердин баары ошол жерде жан берген.

Мындан тышкары, ушул эле областтын Жети-Өгүз районунда Нива менен Жигули кагылышып, бир адамдын өмүрү кыйылды. Нива унаасынын 29 жаштагы айдоочусу көз жумган. Ал эми экинчи машинадагылар жеңил жаракаттарды алган.