Балыкчы-Корумду жолу: жылдап айлык күткөн жумушчулар (видео)

1148

Балыкчы-Корумду жолун салууда 1 жылдан бери айлык алалбай жаткан жумушчулар маселени чечип берүүсүн өтүнүп, өкмөткө келишти. Айтымдарында, жумушту аткарган кытайлык «Лонг Хай» компаниясы 30дай аткаруучу ишкана менен келишим түзгөн. Былтыртан бери кытайлык компания акчанын жоктугуна шылтап, маяна бербей келет.

Транспорт министрлигинин өкүлдөрү болсо, жумушту аткара турган ишканалар «Лонг Хай» компаниясы менен өз ара келишим түзгөндүктөн, ага кийлигише албайбыз дешет. Ал арада 4 жылдан бери ызы-чуу менен коштолуп келе жаткан Балыкчы-Корумду жолун оңдоо иштери качан аягына чыгары белгисиз.