Балыкчы-Корумду жолун курууда арзан курулуш материалдар колдонулган

879

Бул факты боюнча Башкы прокуратура «кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Мыйзам бузууга Транспорт жана жолдор министрлигинин жол чарба департаментинин айрым кызматкерлери барганы маалымдалды.
УКМКнын коррупцияга каршы кызматы текшерүү жүргүзүп, Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду жолун курууда сапаттуу курулуш материалдарынын ордуна кадимки цемент колдонулган. Мындай жол катуу жаан же кар жааганда көпкө чыдабамак эмес.
Ошондой эле, арзан алынган курулуш материалынын баасы документте башкача көрсөтүлгөн. Учурда бул иш тергөө органдарына өткөрүлүп, иликтөө жүрүп жатат.