Балыкчы-Корумду жолунун куруучуларынын айлык маянасы чечиле элек

871

Чолпон-Ата шаарына чогулган 50дөн ашык жол куруучулары дагы эле август айынан берки маянасын ала албай жатканын жергиликтүү бийликтегилерге айтып, нааразы болушту.

Бул тууралуу Балыкчы-Тамчы-Корумду жол курулушунун башкы инженеринин жардамчысы Эркинбек Бейшембиев билдирди:

«Тээ жайындагы акчабызды ала элекпиз. Июль, август, сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь айларынын акчасы бар. «Эртең берилет» деп убада берди, кытайлар. Эртең да көрөбүз эми» — деди ал.

Нааразы болгондор менен өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоров, Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев жана башка жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери жолукту.

Жол курулуп баштагандан бери куруучулар маяна кечеңдеп, берилбей келгени үчүн бир нече жолу нааразы болуп иш ташташкан. Акыркы ирет жол куруучулар «айлык берилбей жатат» деп 31-октябрда Балыкчы шаарына чогулушкан. Анда Транспорт жана жол министрлиги бир аптада маселе чечилерин айтып, убада берген.

Балыкчы – Корумду жолунун курулушу — өлкө өз бюджетинен каржылап жаткан алгачкы ири долбоор. Ал 2015-жылы башталган жана 2017-жылы декабрь айында пайдаланууга берилмек, бирок башынан ызы-чуу менен коштолуп келе жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.