Балыкчыда 2 жашар баланын сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

917

Бул тууралуу Ысык-Көл областынын Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Аталган фактынын негизинде «саламаттыкка атайылап жеңил залал келтирүү» жана «жашы жете электерди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

2 жаштагы бөбөктүн мыкаачылык менен сабалышы боюнча азырынча эч кимге айып тагыла элек. Ички иштер органдары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышат. Ал чыккандан кийин, кичинекей бала канчалык деңгээлде жабыр тартканы аныкталып, бөбөктү сабаган адамдын иш-аракеттерине укуктук баа берилет.

Эске салсак, 27-майда Балыкчыда 2 жашар баланы тайженеси катуу сабап салып, наристе ооруканага жаткырылган. Кийин 33 жаштагы аял кылмыш жоопкерчилигинен качуу амалын көрүп, бөбөктү анын 13 жаштагы уулу уруп салган деп айткан. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө бөбөк тайжеңесинен кордук көргөнү аныкталган.