Балыкчыда катуу шамалдан балдар ойноп жүргөн батут оодарылып кеткен

766

Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарында батут оодарылып кетип, 4 бала жабыркады. Маалыматтарга караганда, балдардын бири реанимацияда болсо, биринин буту сынган. Күбөлөрдүн айтымында, батуттун оодарылып кетишине катуу шамал себеп болгон.

Учурда Балыкчы шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан баланы Бишкекке которуу маселеси да каралып жатыптыр. Анын абалы турукташып калганы да белгиленди. Ооруканага түшкөн дагы эки бала дарыгерлердин кароосунан өткөн соң үйлөрүнө кое берилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.