Балыкчыда прокуратура кызматкерлери инспекторду ур-токмокко алышкан

652

Балыкчы шаарынын прокуратура кызматкерлери инспекторду ур-токмокко алганы боюнча кылмыш иши козголду. Жаңжал 22-декабрдан 23-декабрга караган түнү болгон.

Белгилүү болгондой жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Ак-Кеме постунда кызмат өтөп жатышканда ал жерге “Мазда” унаасы менен Балыкчы шаардык прокуратурасынын кызматкерлери мас абалында келишип, инспекторлорго тийишип, андан соң алардын ортосунда мушташ чыккан. Милиция кызматкерлери эскертүү иретинде асманга ок чыгарышкан. Прокуратура кызматкерлери тарабынан сабалган инспектор ар кандай жараттар менен ооруканага жаткырылды.

Учурда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу Балыкчы шаарынын прокурору жана анын 2 жардамчысы кызматынан четтетилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.