Балыкчы шаарына 26 жаштагы мэр тандалды

929

Балыкчы шаарынын мэри болуп 26 жаштагы Марат Кудайбергенов шайланды. Шайлоо 14-май күнү өтүп, анда эки талапкер ат салышкан. Алгач алар өз программалары менен тааныштырышкан.

Натыйжада «Замандаш» фракциясынан чыккан Марат Кудайбергеновго 31 депутаттын 22си добуш берсе, «Кыргызстан» фракциясынын атынан талапкер болгон Мирбек Шакировду 9 депутат колдогон.

Марат Кудайбергенов Жусуп Баласагын атындагы КУУнун «Финансы жана кредит» адистигин бүтүргөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.