Баңгиге көз карандыларды пайдаланган топтор (видео)

504

Республикалык казынага миллиондогон сом зыян алып келген афералык схема аныкталды. Финполициянын маалыматы боюнча, мыйзамсыз иштин артында жогорку кызматтагылар турушу ыктымал.

Көз боемочулар салыктардан качуу үчүн республикалык Наркология борборунда каттоодо турган, акчага муктаж жарандарды жана ардагерлерди колдонуп келишкен. Аферага айыпталып үч адам камакка алынды, калгандарына издөө жарыяланды.