Баңгизат салынган жүккө биздин ишкерлердин тиешеси барбы? (видео)

654

Германия менен Польшанын чек арасында табылган героин боюнча Бишкектеги кондитердик цехте тинтүү жүргүзүлдү. Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, текшерүү учурунда шектүү эч нерсе байкалган жок. 1-июнга караган түнү Германиянын Бажы кызматы Грузиянын номурлары тагылган, бирок Кыргызстандан бараткан оор жүк ташуучу унааны токтотушкан.

Ал машинада 700 килограммга жакын героин болгон. Ал эми баңги заты менен кошо жүктөлгөн таттуулар кыргызстандык ишканага таандык. Цехтин жетекчиси бул фактыга эч кандай тиешеси жок экенин билдирди. Бирок НТСтин кабарчысы Мээрим Мамбетова кондитердик ишкананын Юстиция министрлигинде көрсөтүлгөн дареги боюнча барып, башка адамдарды кезиктирди.