Баңгизаттын ири партиясын ташыгандар колго түштү (видео)

812

Бишкекте баңгизаттын ири көлөмдөгү партиясын ташыгандар колго түштү. Афганистан – Тажикстан – Кыргызстан – Канада багыты боюнча суюк героинди бал, шире катары жөнөтүп турган туруктуу каналдын бети ачылды. Колго түшүрүлгөн маң затынын салмагы 18 килограммга жакын. Анын Канаданын көмүскө рыногундагы чекене баасы 100 миллион доллардан ашат экен. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн учурда көп маалыматтар ачыкталбай жатат. Бирок суюк героин ташыгандарды кармоо боюнча мындай атайын операция Кыргызстанда он жыл мурда жүргүзүлгөн. Криминалдык топ туруктуу канал аркылуу көптөн бери эле баңгизаттын бул түрүн сатып келгени белгилүү болгону менен, алардын изине түшүү көп убакытты жана мээнетти талап кылган.