Банк кызматкери 1 млн сомдон ашык каражатты өзүнө ыйгарып алган

657

Ош областындагы банктардын биринин кызматкери алдамчылык жолу менен 1 миллион сомдон ашык каражатты өзүнө ыйгарып алганы аныкталды. Бул тууралуу Финполициядан билдиришти.

Анда банктын сактык кассасынын башчысы кызматтык абалынан пайдаланып, 2016-жылдан 2018-жылдын июнь айына чейин депозитке келген акчаларды мыйзамсыз иштетип жүргөн. Ал жарандардын ишенимине кирип, алардын акчасын банктын эсебине салбай, өзү алып келген. Аманатчыларга болсо жасалма келишим жана жасалма тастыктамаларды берип турган.

Факт боюнча «Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабуусу» жана “алдамчылык” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.