Банк кызматкери 400гө жакын кардарын алдаган деп шектелүүдө

1027

Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун жашоочулары бул боюнча милицияга арызданышты. Кээ бирлери былтыр өздөрүнүн атынан бир банк кызматкерине насыя алып беришсе, айрымдары карызга акча беришкен экен. Бирок эч кимисине ал адам акчасын кайтарып берген эмес.

Мындан улам, Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө бул аялга чара көрүү өтүнүчү менен 51 адам кайрылган. Жалпы чыгым 20 миллион сомго жакын болгон.

Жергиликтүү милиция кызматкерлеринин берген маалыматы боюнча, Теплоключенка айылындагы банкта насыя бөлүмүнүн адиси болуп иштеген кызматкердин 700 абоненти болгон. Кылмышка шектүү делген аял болжол менен 400гө жакын кардарын алдаган деп шектелүүдө.

Арыздардын негизинде мамлекеттик чек ара кызматына «алдамчылык» менен шектелген аял тууралуу кайрылуу жөнөтүлгөн. Бирок Ак-Суулуктар кайрылгандан бир күн мурда банк кызматкери Казакстанга чыгып кеткени маалымдалды. Учурда аны эл аралык издөөгө берүү үчүн документтер даярдалып жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.