Барак экславынан көчүп чыккан үй-бүлөлөрдүн бүгүнкү абалы (видео)

590

Төрт жыл мурда Барак экславынан көчүп чыккан үй-бүлөлөрдүн 25и гана Беш-Үй жаңы конушунда турак-жайларын куруп бүтүп, жашап жатышат. Калгандарынын курулуштары бүтпөй жаткандыктан, убактылуу батирлерде коргологонго мажбур. Конушта соцобьекттер жок болгондуктан, тургундар кыйналып жатканын билдиришти.

Ошондой эле, алардын үлүш жерлери 35 чакырым алыстыктагы Барак айылында калгандыктан, жазгы талаа иштерин жасай албай да убара тартып жатышыптыр. Ал арада, 20дан ашык үй-бүлө Барак анклавына кайтып барып, жашап жатканы да белгиленди.