Бардык мектеп, ЖОЖдордо офлайн режиминде билим берилет (видео)

2500

Быйылкы окуу жылында 156 миңден ашуун жеткинчек 1-класстын босогосун аттайт. Ал эми жалпы окуу процесси салттуу режимде башталат. Бул үчүн учурда өлкөдөгү 2296 билим берүү мекемесинде эмгектенген мугалимдердин 63 пайызы эмдөөдөн өтүштү. Тиешелүү министрлик болсо бул көрсөткүчтү 15-сентябрга чейин 70 пайыздан ашырууну көздөөдө.

Окуу салттуу режимде башталып жаткандыктан санитардык эрежелерди сактоо талап кылынат. Бирок аны аткаруу бардык эле мектептерде мүмкүн эмес. Анткени 850 орунга ылайыкталган мектепте окуган 3000ден ашуун бөбөк санитардык аралыкты сактай албаары түшүнүктүү. 15 күнгө кеч башталып жаткан окуу жылына карата даярдыктар кандай?