Барселонада өткөн демонстрацияга 500 миңге жакын адам катышты

1010

Испаниянын Барселона шаарында террорчулукка каршы демонстрация болуп өтүп, ага катышкандардын саны 500 миңге жетти. Эске салсак, 17-18-август күндөрү бул өлкөдө кандуу кол салуулар болуп, 15 адам курман болгон. Ошондой эле, 120 киши жабыркап, алардын бир нечеси учурда оор абалда ооруканаларда жатышат.

Барселонадагы теракттар үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу алган болчу. Өткөн ишемби күнү болгон бул жөө жүрүшкө Испаниянын королу Филипп VIчы кошулуп, өзүнүн тилектештигин билдирди.

Демонстрациянын катышуучулары «Биз коркпойбуз», «Сүйүү — жек көрүүнү жеңет» деген ураандарды айтып жатышты. Иш-чаранын алкагында каталондук жана мусулман активисттери сөз сүйлөп, террорчулукту катуу айыптап жатышты.