Баш прокуратура жана БШК талапкерлерге бирдей мамиле кылсын! (видео)

735

Учурда бир топ мамлекеттик органдар Боршайком жана Коомдук телеканал оппозициялык талапкерге каршы иштеп, ал эми бийликтин кандидатына жан тартып жатат. Бул тууралуу Өмүрбек Бабановдун штабы тараткан билдирүүдө айтылат. Президенттикке талапкердин кеңешчиси маалымат жыйын өткөрүп, акыркы убакта оппозициялык кандидатка каршы жасалып жаткан иштерге токтолду. Мирсулжан Намазалиев атайын кызматты Борбордук шайлоо комиссиясын мыйзам чегинде иш алып барууга чакырып, талапкерлерге бирдей мамиле кылууну талап кылды. Ал эми коомчулукту оппозициялык талапкерге карата жасалган чагымчыл аракеттерге, кара пиарга ишенбөөгө үндөдү.