Баш сөөгүндө шишиги бар 15 жаштагы Эсентурга жардам керек (видео)

6705

15 жаштагы Эсентур Жанарбек уулу жардамга муктаж. Учурда ал баш сөөгүндө залалдуу шишиктен жабыркап келет. Мындай диагнозду дарыгерлер ага 2 жыл мурда коюшкан. Андан бери операция жасалып, химиялык дарылоодон өткөнү менен жеткинчектин абалы улам начарлоодо.

Дарыгерлер тез аранын ичинде чет өлкөдөн операция жасоо керектигин айтышууда. Ал үчүн ата-эненин чөнтөгү жука болууда. Учурда айласы кеткен Эсентурдун ата-энеси тийиштүү сумманы чогултуу үчүн элден жардам сурап кайрылып жатат.