Башаламандык учурунда жаракат алган Уланбек жардамга муктаж (видео)

1011

Октябрь окуясында башына желим ок тийип жаракат алган Улан Эркинбек уулунун абалы оор бойдон калууда. Желим октон сырткары кулак тундуруучу зат жарылып, баш сөөгүнүн беш жеринен жарака кеткен. Жабырлануучу жакында эле ооруканадан чыгарылып, азыр аны жакындары карап жатат.

Бирок ак халатчандардын жазып берген дарыларын сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү жок болууда. Мындан улам 24 жаштагы жигиттин жакындары кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж.