Башаламандыкка байланыштуу 12 адам №1 тергөө абагына камакка алынды

779

Тогуз-Тородогу башаламандыкка байланыштуу кармалган 15 адамдын баш коргоо чарасы Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан каралып, 3 аял «өлкөдөн чыгып кетпөө» тил каты менен бошотулуп, калганы №1 тергөө абагына камакка алынды.

Эске салсак, 11-апрелде Тогуз-Торо районунун тургундары «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын ишмердигине каршы нааразылык акциясына чыгышкан. Буга аталган компаниянын экологиялык экспертизасы жок эле, курулуш иштерин улантып жатканы себеп болгон. Нааразычылык акциясы башаламандыкка айланып, курулуп жаткан имараттар өрттөлүп, чогулган эл ишкана тарапка таш ыргыткан.

Бул боюнча «бейбаштык», «массалык башаламандык» жана «бирөөнүн мүлкүн атайылап өрттөп жок кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, 200гө жакын адам суралган.

Кечээ бул боюнча Бишкекте жана Тогуз-Торонун өзүндө нааразычылык акциялары өттү. Анда чогулгандар башаламандыкты уюштургандар кармалбай эле, жөнөкөй айыл тургундары кармалып жатканын айтышты.