Башар Асад Чыгыш Гутадагы аскерлер менен жолукту

765

18-мартта Сириянын президенти Башар Асад Чыгыш Гутага барып, ага берилгендигин билдирген аскерлер менен жолукту. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик телеканалы кабарлады.

Телеканалдын эфириндеги жана Ассаддын Telegram мессенджерине жайгаштырылган кадрлардан Сирия лидери аскер формасын кийген көптөгөн адамдын курчоосунда турганын көрүүгө болот. Алардын айрымдары танктарда отурушат. Telegramдагы сүрөттөргө «Президент Асад Сириянын араб армиясынын баатырлары менен Чыгыш Гутада» деген жазуулар түшүрүлгөн.

Акыркы апталарда өкмөттүк күчтөр 2012-жылдан бери куралдуу оппозициянын көзөмөлүндө турган Чыгыш Гутага чабуул коюууда. Сириянын адам укуктарына көз салуу борборунун маалыматы боюнча, Асаддын аскерлери андагы каршылаштарын сүрүп чыгарып, аймактын 80 пайызын ээледи.

Батыш өлкөлөрү менен БУУ Сирияны жана Орусия баш болгон анын башка өнөктөштөрүн андагы согушту токтотууга чакырып келишет. Уюмдун баш катчысы Антониу Гуттериш аймактагы көрүнүштү «жердеги тозок» деп сыпаттаган.