Башкы бажычы Адилет Кубанычбеков кармалды (видео)

1706

Товар ташыган компаниялардын кызыкчылыгын коргоп, жең ичинен жеңилдетилген шарттарды түзүп, жеке баюу максатында бажы кызматтарынын наркын негизсиз ашыра баалоо. Коррупцияга шектелип кармалган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жетекчи жемкорлукка жол ачкан кандай схемаларды түзүп, кайсы жеке жактардын кызыкчылыктарын көздөгөнү азырынча ачык айтыла элек. Шектүү бажы кызматын жетектеп баштаганына 3 айдай гана убакыт болду. Анын туугандары, тарапташтары УКМКнын алдына чыгып Кубанычбеков кайсы бир тараптардын курмандыгы болуп калганын билдиришти.