Башкы прокуратура: ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш иши сотко өттү

686

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу материалдар сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Аталган кылмыш иши боюнча мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаковго жана экс-энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге айыптары угузулган. Ишти Свердлов райондук соту карайт.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодо өлкөгө пайдасыз келишим түзүлүп, келтирилген чыгым бир нече миллион сомду түзөт.

Белгилей кетсек, ЖЭБди оңдоо иштери, андагы авария жана модернизациялоо боюнча 4 кылмыш иши козголуп, 10го жакын адам коррупцияга шектелип камакка алынган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.