Башкы прокуратура КТРКнын бир беткей саясатына баа бериши керек! (видео)

856

Коомдук канал тынымсыз жүргүзүп жаткан айрым талапкерлерди каралоо иш-аракеттерине укуктук баа берилиши керек! Мындай мазмундагы кайрылууну «Акыйкат шайлоо үчүн» жарандык кыймылы мамлекет башчыга жолдоду. Анда КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековду үгүт өнөктүгү аяктаганча кызматтан убактылуу четтетип туруу өтүнүчү келтирилген. Ушундай эле кайрылуу кечээ Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен», «Онугуу-Прогресс» жана «Республика — Ата Журт» фракциялары тарабынан Башкы прокуратурага, Борбордук шайлоо комиссиясына жана Коомдук телеканалдын байкоочу кеңешине да жөнөтүлгөн болчу.