Башкы прокуратура Курсан Асановдун баласына издөө жарыялады

621

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун уулуна издөө жарыяланды. Мындай маалыматты Башкы прокуратура таратты. Ага ылайык 22 жаштагы Мухаммед-Али Асановго сыртынан үй камагына алуу тууралуу бөгөт чарасы тандалды. Ал кызмат абалынан пайдалангандарга катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Башкы көзөмөл орган тараткан билдирүүдө, Курсан Асанов 8-августта Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн кылмыш иш боюнча маанилүү далил буюмдарды, документтерди жана башка нерселерди алып чыгып кеткендиги аныкталыптыр. Башкы прокуратура мурдагы президент кармалган күнү 8-августта видеокамераларга түшүп калган жазууларды алып, муну далил катары колдонууда.

Мында Курсан Асанов Ички иштер министрлигинин имаратынын короосунда айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулуна баштык берип, ал Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдында барган. Ошол эле убакта, Мухаммед-Али Асановдун үйүнөн чыгып, унаасына отуруп, атасынын жан сакчысы менен Тышкы иштер министрлигинин жанында 2 мүнөткө жолугушууга барганы көрсөтүлгөн.

Дамирбек Пайзылда уулу Курсан Асановдон алган баштыкты ага өткөрүп берген деп маалымдалууда. Кийин Мухаммед-Али документтерди Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына бергендиги айтылууда. Бирок видеодо аты аталган адамдардын жүзүн даана көрүүгө болбойт. Кандай болгон күндө да, Башкы прокуратура кылмышка катыштыгы бар жарандардын өздүгү такталып жатканын кабарлады.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.