Башкы прокуратура: Курсан Асановго кылмыш иши козголду

947

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго карата кылмыш иши козголду. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип жатат. Мындай маалыматты Башкы прокуратура таратты. Кылмыш иши Аскер прокуратурасы тарабынан тергеле баштап, генерал-майор суракка чакырылды.

Белгилей кетсек, милицияга чыккынчылык кылды, ага ишеним жок деген жүйөө менен Курсан Асанов кызматынан алынган. Кийинчерээк Ички иштер министрлиги мунун себептери тууралуу билдирүү тараткан. Анда Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары министр Кашкар Жунушалиевдин койгон талаптарына макул болуп, чыга турган болгондо Курсан Асанов жеке кызыкчылыгын көздөп, коомдук тартипти сактоо боюнча ага бекитилген жерди таштап, сүйлөшүүгө кирип кеткени айтылат.

Ошондой эле, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча ал өзүнүн уюлдук телефонун ошол жердеги кызматкерлерге берип, видеого тартып, пиар менен алектенген деп күнөөлөнүүдө. Муну менен катар эле, Кой-Ташта табылган курал-жарактарды тапшырып алууда бир нече кызматтык кемчиликтерге жол бергени үчүн жумуштан бошотулду, — деп жазылат маалыматта.

Курсан Асанов бул боюнча өз пикирин билдирип, ага карата айтылып жаткан маселелер чечилерин жана өлкөнүн, өзүнүн ар намысы алдында таза экенин белгилеген. Интернетте Курсан Асановго байланыштуу дагы бир видео жарыяланып, мында ал Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн акча, алтын, бриллиант салынган баштык жана маанилүү документтерди алып чыгып кеткен, деген маалыматтар тарап жатат. Бирок генерал-майор мурдагы президенттен эч кандай акча албаганын, чындык кийин чыга турганын билдирүүдө.

Чындыгында эле талаш жараткан ал баштык Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен кошо Ички иштер министрлигине келгенин көрүүгө болот. Алынган маалыматтар боюнча, ал баштык Алмазбек Атамбаевдин суранычы боюнча адвокаты Сергей Слесаревге берилиши керек болчу экен. Ошондой эле, анын ичинде эч кандай акча жана баалуу буюмдар болбогону, кылмыш иши боюнча документтер салынганы айтылууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.