Башкы прокуратура: Мамдирекция боюнча кылмыш иши жандандырылды

684

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы боюнча козголгон кылмыш иши жандандырылды. Башкы прокуратуранын тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Абай Молдокматовдун айтымында, учурунда дирекциянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу төрт кылмыш иши козголуп, үчөө токтотулуп, бирөө жабылган.

Алсак, бул мекеменин жооптуу адамдары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, курулуштун жана жер участогун сатып алууда бааны көбөйтүп мамлекетке 46 миллион сом зыян келтирген деп айыпталган. Экинчи кылмыш иши салынган турак жайлардан жарака кетип, чыгым 57 миллион сомду түзгөнү боюнча козголгон. Үчүнчү иш болсо талапка ылайык, үч кабат мектеп курулуш керек болсо, эки кабат салынып, бирок буга көз жумуп кабыл алынганы боюнча ачылган. Бул иштер учурунда эмне себептен токтотулганы түшүнүксүз.

Азыр кайра жандандырылып, тергөө жүрүп жатканы кабарланды. Мындан тышкары, ушу тапта Башкы прокуратурада коррупция боюнча козголгон кылмыш иштеринин бирдиктүү базасы түзүлүүдө. Ошондой эле, жок кылынган жана жоголгон кылмыш иштеринин электрондук тизмеси пайда болот экен.