Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматына кылмыш ишин козгоду

955

Башкы прокуратура мамлекеттик сатып алуулардагы мыйзам бузуулар боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөл органы кабарлгандай, кылмыш иши туулгандыгы тууралуу жана нике күбөлүктөрүн даярдоо боюнча конкурска байланыштуу козголгон.

Былтыр Мамлекеттик каттоо кызматы тиешелүү бланктарды даярдоого конкурс жарыялап, анда “Госзнак” аттуу ишканадан сунуш түшүп, бирок ал талаптарга жооп бербегени үчүн сунушу четке кагылган. Экинчи жолу сынак жарыяланганда, ошол эле “Госзнак” менен катар дагы эки ишкана сунуш берген. Анда да 3 ишкана тең талапка жооп бербей турганы белгиленген. Бирок буга карабай ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругунун негизинде күбөлүктөр үчүн бланктарды даярдоо “Госзнак” ишканасына тапшырылган.

Башкы прокуратура аталган ишкананы тандоодо мыйзам бузулганын аныктап, Мамлекеттик каттоо кызматынын айрым кызматкерлерине карата “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.