Башкы прокуратура: министр Исакунова уруксатсыз АКШга барган

892

Социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова 2017-жылы премьер-министрден уруксат албай, дипломатиялык паспортту колдонуу менен АКШга барганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура өз текшерүүсүнүн жыйынтыгына таянып билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, Исакунова былтыр 6-9-ноябрда эмгек өргүүсүндө болуп, алгач АКШга, андан соң Аргентинага барган. Мындан сырткары, өкмөттүн каршылыгына карабай Таалайкүл Исакунова былтыр Санкт-Петербургдагы жыйынга катышып келген.

Ошондой эле Башкы прокуратура жакында жаңжал менен иштен бошотулган социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова Ирандагы жана Түштүк Кореядагы сапарында дипломатиялык паспортту жеке иштери үчүн колдонгонун кабарлады.

Башкы көзөмөл органынын маалыматы боюнча, 2017-жылдан быйылкы жылдын сентябрына чейин Социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилери 26 жолу чет өлкөгө сапарга чыгышкан. Алардын ичинен министр Исакунова тогуз жолу, орун басарлары Зууракан Каденова он жолу, Лунара Мамытова үч, Жылдыз Полотова төрт жолу сапарга чыккан.

Чет элдик сапарга чыккан соң аталган жетекчилер эрежеге ылайык Тышкы иштер министрлигине маалымат берген эмес, ал эми Таалайкүл Исакунова жана Лунара Мамытова дипломатиялык паспортун тапшырган эмес.

Буга байланыштуу Башкы прокуратура кыргыз өкмөтүнө жогорудагы мыйзам бузулган учурларга байланыштуу чара көрүү боюнча сунуш киргизген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева «Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөргө саякаттарын текшерүү зарыл» деп билдирген. Анын айтымында, катардагы адистер чакырылган иш-чараларга министр жана анын орун басарлары өздөрү барып жүрүшкөн. Социалдык өнүгүү министрлиги бул маалыматты четке кагып келген.