Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго кылмыш ишин козгоду

1021

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын башчысы Өмүрбек Бабановго жана башка адамдарга кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөл органы кабарлагандай, Бабановго эки берене — «конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу» жана «улут аралык, рассалык жана диний кастыкты козутуу» боюнча айып тагылууда.

Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкер катары шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө, ушул жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын «Он-Адыр» конушунун жашоочулары менен жолугушуу өткөргөн. Анда «Бабанов, өзбек тектүүлөрдүн укугу тебеленип жатканын, алар мамлекеттик органдар тарабынан кысымга кабылганын, улуттук теңсиздик бар деп — буга каршы турууга чакырганы аныкталды» деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Тергөөчүлөрдүн пикиринде, бардык тиешелүү экспертизалар өткөрүлүп, Өмүрбек Бабановдун «Он-Адырдагы» билдирүүлөрү улут аралык кастыкты козутуу, элди провокацияга чакыруу, азыркы бийликке баш ийбоо жана кулатууга багытталуусунун белгилери бар. Бабановго каршы кылмыш ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тергей баштады.