Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тартты

837

Башкы прокуратура “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тартты. Бул тууралуу Текебаевдин жактоочулары билдиришти. Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдиргендей, адвокаттар көрсөткөн жаңы жагдайлар буга чейин соттун жүрүшүндө эле каралган. Андыктан ишти кайра кароого негиз жок, дешет алар.

Жакында эле башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште былтыркы жылдын отчетун берип жатып, Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча арызды кароо боюнча тапшырма берилгенин жана ал мыйзамдын негизинде караларын билдирген болчу.

Эми Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары Башкы прокуратуранын чечимин жокко чыгаруу максатында сотко кайрыла турганын билдиришти. “Ата Мекен” партиясынын башчысы «Мегаком» ишине байланыштуу «коррупция» беренеси менен айыпталып, былтыр 8 жылга соттолгон.