Башкы прокуратура салык кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду

737

Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызматтык жасалмалоо беренелери боюнча айыпталууда.

Белгилүү болгондой, Свердлов районунун салык кызматынын инспекторлору документтерди жасалмалоо жолу менен Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттеринен келген товарларды Кыргызстанга мыйзамсыз киргизишкен. Жыйынтыгында, мамлекеттик бюджетке 14 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилди.

Прокуратуранын маалыматына караганда, салык кызматкерлери пайда көрүү үчүн Бишкек шаарынын 1-топтогу майып тургунунун кол тамгасын жасашкан. Анын негизинде башка бир жаранга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товар алып келүүгө ыктыярдуу патент берилген. Ушул жол менен алар  Кыргызстандын аймагына товар алып кирип турушкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.