Башкы прокурор: Дача СУ боюнча кылмыш иши кайра иликтенип баштады

729

Былтыр 3 прокурорго кылмыш иши козголуп, 24 прокурор кызматтан алынган. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште көзөмөл органдарынын өткөн жылдагы иши тууралуу отчет берип жатып билдирди. Жамшитовдун айтымында, учурда ичтен тазалануу аракети жүрүп жатат.

Маалыматтарга караганда, былтыр жалпысынан мыйзам бузулган 39 миңге жакын факт катталса, коррупция үчүн 962 кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле коомчулукта резонанс жараткан иштер боюнча да маалыматтарды берип жатып «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгууга даяр экенин билдирди.

Анын айтымында мекеме ишти башынан карап чыгып, мыйзам чегинде жардам берүүгө даяр. Ошондой эле, Манас аба майданына жакын жердеги Дача СУ конушуна жүк ташып бараткан учактын кулашы боюнча ачылган кылмыш иши кайрадан жандандырылып, учурда кайра иликтенип баштаганын айтты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.