Башкы прокурор Гуревичтин айткандары боюнча депутаттарга маалымат берет

838

Эртең Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Евгений Гуревичтин айткандары боюнча маалымат берет. Эске салсак, августтун аягында Максим Бакиевдин мурдагы финансылык кеңешчиси «Азаттыка» интервью берип, анда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары Кыргызстандан 300 миллион доллар чыгарып кеткенин жана бул боюнча кыргыз өкмөтү менен кызматташып, көрсөтмөлөрдү берүүгө даяр экенин билдирген.

Буга кошумча, ал 3 жыл мурда АКШнын Алабама штатында түрмөдө отурганда, ага Кыргызстандын Башкы прокуратурасынан 2 кызматкер барып, жолугуп кеткенин да айткан. Бирок андан кийин кыргыз тараптан аны менен эч ким байланышпаптыр.

Бул маалыматтан кийин айрым депутаттар бул маселени парламентте карап чыгуу керектигин билдиришкен. Аларды 2015-жылы Гуревич менен кайсы прокурорлор жолугушканы барган жана эмне үчүн бул маалымат ошол убакта ачыкталган эмес, деген суроо кызыктырууда.