Башкы прокурор: ЖЭБди модернизациялоодо 386 млн доллар коротулган

595

Бишкек жылуулук электр борборун 50 миллион долларга эле модернизациялоого болмок. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте билдирди. Анын айтымында, ЖЭБди оңдоо боюнча чечимди Сапар Исаков кабыл алып, жабдыкты кайдан алуудан бери кийлигишкен. Модернизациялоону 50 миллион долларга эле ишке ашырса болмок, бирок 386 миллион доллар коротулган, дейт башкы прокурор.

Башкы прокурордун айтымында, учурунда долбоор боюнча терең анализделген эсептөөлөр болгон эмес. Оңдоп-түзөө сапаттуу жүргүзүлгөндө, эч кандай авария катталбашы керек эле, дейт Өткүрбек  Жамшитов.

Ошондой эле, ал Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталгандардын жашырылган мүлктөрү изделип жатканын билдирди. Алардын башка бирөөлөргө жазылган же оффшордук аймактарда катылган байлыктары бар-жогу, банктык эсептери текшерилүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.